Общество

Быйыл да калды. Жооптуу адис Бишкек — Кара-Балта жолу качан бүтөрүн айтты

Башында 2020-жылдын октябрь айында автоунаа жолун толугу менен куруп бүтүп, пайдаланууга берүү пландалган.

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштерин 2021-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Траснпорт жана жолдор министрлигинин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү адиси Тагай Алимбаев билдирди.

Адис Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «Кыргызстанда ири жолдорду салуу жана оңдоо» аттуу онлайн-брифингге катышты.

Алимбевдин айтымында, алгач жолду 2020-жылдын октябрь айында куруп бүтүү пландалган.

«Жолго асфальт төшөө иштери 2021-жылдын июнь айында аяктаары күтүлүп жатат. Долбоор толугу менен 2021-жылдын ноябрь айында бүтөт», — деди Алимбаев.

Ал курулуштун кечеңдешине пандемия жана техникалык жактан келип чыккан көйгөйлөр таасир эткенин кошумчалады.

«Карьер үчүн жер алуу маселеси создугуп жана таш майдалоочу техниканы орнотуу үчүн жер тилкесин аныктоо кыйынчылык жаратты. Ошондой эле шагыл төшөө ыкмасын алмаштырууга туура келди. Жогоруда аталган жагдайлар менен бирге коронавирус пандемиясы курулуштун мөөнөтүнө таасирин тийгизди», — деп түшүндүрдү адис.Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери мындан үч жыл мурун башталган.

_____________________________________

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker