Общество

Бишкектин Тез жардам кызматына алты жаңы унаа алынды

Тез жардам унааларын «Вираж» компаниясы алып келген. Бул үчүн шаардык бюджеттен 13,7 миллион сом каражат каралган.

Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Россиядан чыккан «Соболь» маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган. Анда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар.

Эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт.

Унааларды шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева тийиштүү мекемеге өткөрүп берди.

Атайын транспортту «Вираж» компаниясы алып келген. Тез жардам унааларына каражат шаардык бюджеттен каралып, 13,7 миллион сом сарпталган.

Эске сала кетсек, июнь айында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы А класстагы алты тез жардам унаасын сатып алуу боюнча тендер жарыялаган.

_________________________________

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker