Политика

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басары дайындалды

Министрдин жаңы орун басары 58 жашта. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Жогорку билимдүү.

Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргызстандын башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы орун басар 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «санитардык дарыгер» кесибин аяктаган.

Эске салсак, буга чейин, 8-апрель күнү, министрдин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматынан кеткен болчу.

______________________________

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker