Важные новостиОбщество

COVID-19 жуктурган 12 кишинин жетөө дарыгер болуп чыкты

Жалпы бейтаптардын саны Кыргызстан боюнча 228 болду. Акыркы учурлар обсервацияда жаткандардан чыгууда.

Акыркы ирет коронавирус аныкталган 12 кишинин жетөө — дарыгер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, КРде бир сутканын ичинде коронавирус жуктуруп алган 12 жаңы учур катталды. Анын жетөө медицина кызматкерлери.

«Коронавирус жуктуруп алган жетөөнүн ичинен бирөө дарыгер, үчөө медайым. Булар Ноокат районундагы обсервацияда жаткандарды медициналык жактан тейлеген кызматкерлер. Андан башка Ош шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасында иштеген бир дарыгер, эки медайым да коронавирус жуктуруп алган», — деди министр.

Буга Кыргызстанда 9 медицина кызматкерден коронавирус чыкканы айтылган.

Кыргызстанда коронавирус аныкталып дарыланып жаткандардын саны 228ге жетти.

____________________

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker