Экономика

Былтыр Кыргызстан мамлекеттик карызына канча сом төктү. Министрликтин жообу

Ведомствонун сайтында мамлекеттик карыздын абалы боюнча 30-ноябрга карата гана маалымат берилген. Ага ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 503 миллион АКШ долларын түздү.

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 28,1 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

«Тышкы карызга дээрлик 14 миллион сом кетсе, ички бересеге 14,1 миллион сом бөлүндү», — деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар министрлик мамлекеттик карыз өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.Ведомствонун сайтында мамлекеттик карыздын абалы боюнча 30-ноябрга карата гана маалымат берилген. Ага ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 503 миллион АКШ долларын түздү. Сом менен эсептегенде 314 миллиард 567 миллион сом.

Мамлекеттик карыз — бул өлкөнүн насыялык макулдашуусу же башка карыздык милдеттенмелери боюнча ички жана тышкы карыздын жалпы суммасы.

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker