Политика

Соцфонддун аппарат жетекчиси кол алдындагылардан акча жыйнаган деп кармалды

Ал аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мажбурлап, системдүү түрдө тынымсыз акча жыйнап турганы аныкталган.

Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз түрдө каражат чогулткан деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүш ачып, Соцфонддун кызмат адамдарынан турган топ өзүнө караштуу аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мажбурлап, системдүү түрдө тынымсыз акча жыйнап турганын аныктаган.

«Тергөө маалында мыйзамсыз иштерди уюштурган Социалдык фонддун аппарат жетекчиси А.Б. экени белгилүү болду. Ал ар бир аймактык бөлүмдөн ири суммада акча жыйнап турган. Анын тапшырмасын аткаруу үчүн кээ бир жетекчилер Соцфонддун эсебиндеги каражатты «ар кандай чыгымдарга жумшалды» деп чыгарып берүүгө аргасыз болгон», — деп айтылат.

Мындан улам Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жазык кодексинин 98-беренеси менен аппарат жетекчини бүгүн, 17-ноябрда, кармаган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

____________________________

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker