Общество
Таласта коронавирус жуктургандар жок. Эл 7 себепти айтууда
Талас облусунда коронавирус жуктурган адамдар аныктала элек. Белгилүү Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жергиликтүү тургундардан мунун себептерин сураштырып чыкты.
Көпчүлүк ар кандай ойлорду айтканы менен көп айтылган себептер белгилүү болду.
Таластыктар санап берген себептер:
— Элибиз байыртадан Манас атабыз колдойт деп, «Манас Ордого» түлөө өткөрүп келишкен. Бүгүнкү күндө да элибизди Манас атабыз колдоп жатат;
— Экинчи себеп – ысык шорпону сүйгөн элбиз. Бешбармак, чучук, казы-карта жеп, иммунитетибиз күчтүү;
— Дезинфекция иштери илдет башталды деген биринчи күндөн тартып эле тынымсыз жүрүүдө. Карантиндик посттордо көзөмөл катуу жүрүп, кирген жана чыккан ар бир адам текшерүүдөн өтүп жатат;
— Умрага баргандардын арасында Таластан баргандар аз болгон;
— Убагында посттор жабылып, элдин коопсуздугун камсыздашты;
— Тоонун койнундабыз, токой жаныбызда;
— Талас башка облустарга караганда деңиз деңгээлинен бийигирээк жайгашкан. Бул дагы кандайдыр бир таасир бериши мүмкүн.
Кыргызстандын аймактарында абал кандай?
Бүгүн, 13-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын айтты.
Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 419 адамга жетти. Жалпы 5 адам каза болуп, 67 адам айыгып чыкты.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 10;
— Ош облусунда 9;
— Ош шаарында 5;
— Нарын облусунда 9;
— Баткен облусунда 1;
— Чүй облусунда 6;
— Жалал-Абад облусунда 2.
Аймактардагы бейтаптардын жалпы саны (419):
— Жалал-Абад облусунда – 91;
— Ош облусунда – 128;
— Ош шаарында – 59;
— Чүй облусунда – 27;
— Бишкек шаарында – 69;
— Баткен облусунда – 5;
— Нарын облусунда – 34;
— Ысык-Көл облусунда – 6.
Булак: http://www.turmush.kg/