Общество

Алды 42 миң сом! Кайсы медиктин маянасына канча сом кошулганы жарыяланды

Бүгүнкү күндө чогулган каражаттын 1 миллион 964 миң сому 263 медицина кызматкерлерине бөлүп берилди.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 116,6 миллион сом келип түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары, борбордук казынанын директору Марлен Амандыков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган. Бүгүнкү күндө анын 1 миллион 964 миң сому медицина кызматкерлеринин колуна тийди.

Белгилей кетсек, буга чейин эсепке түшүп жаткан каражаттардын эсебин онлайн көрүп туруу үчүн Республикалык штабдын help.covid.kg сайты ачылган. Мында ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү, акча кандай максатта пайдаланылып жатканы ачык жазылат.

Ал жактан азыркы тапта 263 медикке кошумча эмгек акы берилгенин көрүүгө болот. Көпчүлүгү 4000ден 26 миң сомго чейин алган. Эң көп сумма 42 миң жана 30 миң сом болгону көрсөтүлөт. Мындай сумма эки гана дарыгерге берилген. Ошондой эле 1000 сомдун тегерегинде сый акы алгандар дагы бар. Бул туурасында кененирээк Республикалык штабдын сайтынан тааныша аласыздар.

_______________________

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker