Новости Мира

Түркияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга ийгиликтүү сыналды

Түркиялык окумуштуулардын чыгарган COVID-19 илдетине каршы вакцинасы жаныбарларга лейкопластырга чапталган микроийненин жардамы менен сайылган.

Түркиялык адистердин COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны жаныбарларга жасаган сынагы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу түркиялык Hurriyet сайты жазып чыкты.

Анкарадагы Хаджеттепе университетинин медициналык факультетинин профессору Атеш Каранын айтымында, вакцина жаныбарларга лейкопластырга чапталган микроийненин жардамы менен сайылган. Натыйжада иммундук жооп болгон, тагыраагы, организмге антителалар бөлүнүп чыккан.

«Эми бул вакцина адамдарды коронавирустан коргой алар-албасын текшерүү гана калды», — деди Кара.

Түркияда алгач ирет оору жуктурган учур 11-мартта катталган. Вирус жуктурган адам Европадан келген жергиликтүү жаран болуп чыккан.

____________________________

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker