Общество
Өзгөчө кырдаалда калк тейлеген кайсы маморгандар иштейт? Тизме

Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Маморгандар кадимки тартипте иштешет.
Республикалык штаб өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан мамлекеттик органдар кадимки тартибинде иштей берерин айтты.
Калкка кызмат көрсөткөн маморгандардын тизмеси жана иштөө убактысы жарыяланды:
- «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы, Калкты тейлөө борборлору (КТБлар). Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 18:00гө чейин;
- Кичи калкты тейлөө борборлору. Шейшемби — жекшемби. Саат 10:00дөн 19:00гө чейин;
- «Унаа» мамлекеттик ишканасы. Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Эскерте кетсек, 22-марттан тартып республикага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.