Общество

Чүйдүн жаңы түзүлгөн медиаборборуна жетекчи дайындалды

Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүүнү камтыган мультимедиалык борбор.

Калыйбек Тайтекеев Чүй облустук медиаборборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Жаңы жетекчи бүгүн, 13-январда, коллективге тааныштырылган.

Медиаборборго директорду дайындоо боюнча буйрук талапкерлердин документтерин караган комиссиянын бүтүмүнүн негизинде чыгарылды. Комиссиянын курамына Маданият министрлигинин, Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин, ошондой эле медиа коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

«Сынакка төрт талапкер катышкан. Алар медиаборборду өнүктүрүү боюнча презентация даярдашкан. Атайын комиссия алардын документтерин жана презентациясын карап чыгып, Тайтекеевдин талапкерлигин сунушташты», — деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүүнү камтыган мультимедиалык борбор. Ал облустагы бардык алты районду камтыйт. Ар бир райондо экиден кабарчы иштемекчи.Буга чейин Маданият министрлиги мындай борборлор аймактык ЖМКлардын ордуна ачыла турганын кабарлаган.

Калыбек Тайтекеев 1967-жылы төрөлгөн. Журналистика багытында жогорку билими бар. 15 жылдан ашык убакыт бою КТРКда түрдүү кызматтарда иштеген. Жети жыл бою Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясын жетектеген. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облустук «СТВ» телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп келген.

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker