Общество

Таластан кармап келген бала илбирс акырындап эт жеп баштады

Жергиликтүү тургундар жаныбарды бактын башынан көрүшкөн. Аны жерге түшүрүп, кыйынчылык менен кармап, андан соң Бишкек шаарына алып келишкен.

Таластан кармап келген бала илбирс акырындап эт жеп баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

Ал илбирске жеке өзү тамак бергендигин айтып берди.

«Эртең менентен тарта өзөк жалгаталы деп жан-алакетке түштүк. Алдына эт койсок карабай койду. Улам бурулуп кетет. Денесине жана көзү-башына тийген чачма октордон улам жыт сезүү органы иштебей калган экен деп кейидик. Бирок бир нече убакыттан кийин өзүнө келди окшойт, 1,2 кг эт жеди», — деп айтып берди ал.

Сеитова бул курактагы илбирстер күнүнө 2,5 килограммга чейин эт жей тургандыгын, бирок жараланган жаныбарга бул көлөм жетиштүү болорун кошумчалады. Себеби кыймыл аз болгондуктан, азыркы берилген тамак организмине туура келет.

Буга чейин Таласта эл бактын башынан илбирстин баласын көрүп, аны кармагандыгы боюнча кабарланган.

NABU уюмунун ветеринары Бакыт Ажыбековдун айтымында, бала илбирсти Бишкекке оор абалда алып келишкен.

Анын баш жагынан эле 60ка чукул чачма ок табылды. Андан сырткары, маңдай жагынан, көзүнөн, оозунан жана тилинен октун майда чачмалары табылды. Ак илбирстин оң көзүнөн эки майда ок алып чыктык. Бирок анын кареги адамдар таап алып, кармаганга чейин эле агып калган.

Айтмакчы, бүгүн, 11-январда, Нарын облусунун Жумгал районунан дагы бир илбирс алып келинди. Жаныбарды Кашка-Суу кыштоосунан жергиликтүү тургундар көрүп калып «Илбирс тобуна» кабарлашкан. NABU менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жерине барып, жаныбарды сарайдан табышкан.

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker