Общество

Кыргыз-тажик чек ара чыры: учурда абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

Эки өлкөнүн жарандары кайым айтышып, бири-бирине таш ыргытышкан. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

11-январь саат 18:40ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын унааларын таш менен ургулашкан. Ал жерге Кыргызстандын башка жарандары да келип, кайым айтышуу таш ыргытууга өткөн.

“Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен эки тараптын ортосундагы чыр-чатакты басууга мүмкүн болду”, — деп айтылат маалыматта.

Экинчи чыр-чатак Ош — Исфана — Баткен жолунун тилкесинде болгон. Мындан улам Кыргызстандын жарандары жолду тосуп салышкан. Саат 18.20да жол кайра ачылган.

 

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker