Погода
Шаршембиге карата аба ырайы
Шаршемби күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Синоптиктер 8-январда көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын билдирген.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -4…+1, Ысык-Көл аймагында -3…+2, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 0…+5 градус жылуу, Нарында -9…-14 градус суук болот.
Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Борборубузда -1…+1, Ош калаасында +1…+3 градус жылуу болору айтылды.